Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын V чакырылышынын Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXI сессиясы
2015-жылдын 25-сентябры № 21/3
Калыгул Бай уулу атындагы орто мектептин директору З.Табалдиевдин арызын кароо жөнүндө
Кочкор айылдык Кеңешинин депутаты З.Табалдиевдин арызын карап талкуулап, айылдык Кенештин сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт .Кыргыз Республикасынын ССРдин курамында турганда депутат болуп шайлануучу кызматка иштеген адамдардын кесиби боюнча эмгек кодексине киргизилип кесиптик стажысына эсептелип келген. Кыргыз Республикасы өзүнчө мамлекет болгондон бери 2000-жылдын 13-январындагы «Депутаттын статусу» жөнүндөгү мыйзам кабыл алынгандыгын эске алып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү Кенештердин депутатынын статусу» жөнүндөгү 2000-жылдын 13-январындагы мыйзамын жетекчиликке алып, 25-статьясынын 2-абзацына ылайык Кочкор айылдык Кенешинин депутаты З.Табалдиевдин арызы канааттандырылып, 1976-жылдан 1991-жылга чейинки жана 2000-жылдын январь айынан 2006-жылдын март айына чейинки иштеген мезгили педагогдук стажына киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим Министирлигинен Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнөн З. Табалдиевдин депутат катары шайланып иштеп жүргөн мезгилин педагогикалык стажыга кошуп эсептөө жагы суралсын.
Төрагасы | А. Аситов |