Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын V чакырылышынын Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXI сессиясы
2015-жылдын 25-сентябры № 21/4
Кочкор айыл аймагына караштуу Большевик айылына логистикалык борбор куруу жөнүндө
Большевик айылынын жашоочуларынын чогулушунун протоколун жана Кочкор райондук Шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2015-жылдын 12-октябрындагы N 108-сунушунун карап талкуулап, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Мамлекет менен жеке ишкердүүлүктүн кызматташуусу” мыйзамына ылайык жана Президентибиздин”Ишкердүүлүктү колдоо” жылдык демилгесин аткаруу багытында Большевик айылына логистикалык борбор ачууга уруксаат берилсин.
2. Долбоорго ылайык жер аянтын бөлүп берүү жана курулушун көзөмөлдөө Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго милдеттендирилсин.
Төрагасы | А. Аситов |