КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын V чакырылышынын Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXI сессиясы
2015-жылдын 25-сентябры № 21/6
Э.Т. Тыныстановага «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө
Тыныстанова Эркингүл Токтомамбетовнага Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө Кочкор айылдык Кеңешинин депутаты Балкыбеков Тилек Жеткинчековичтин сунушун жана тиешелүү документтерин карап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тыныстанова Эркингүл Токтомамбетовнага Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамы берилсин.
2. Тиешелүү күбөлүк берүү Кочкор айылдык Кеңешинин төрагасы А.Т.Аситовго жана турак-жайына такта жасатып илдирүү үй бүлөсүнө милдеттендирилсин.
Төрагасы | А. Аситов |