Редакцияот 25.09.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын V чакырылышынын Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXI сессиясы

 

2015-жылдын 25-сентябры № 21/7

Т.А.Рысбаевге Кочкор районунун «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө

Кочкор айылдык Кеңешинин депутаты Рысбаев Топчубек Акимжановичке Кочкор районунун «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө Кочкор айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунушутарын жана тиешелүү документтерин карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор айылдык Кенешинин N 4135, 4136 ЖТИ, И.Арабаев шайлоо округдары боюнча депутаты Рыспаев Топчубек Акимжанович Кочкор районунун «Ардактуу атуулу» наамына сунушталсын.

2. Рыспаев Топчубек Акимжановичке «Ардактуу атуул » наамын берүү жагы Кочкор райондук кошмо жыйындар Кеңешинен суралсын.

 

Төрагасы

А. Аситов