Редакцияот 25.09.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын V чакырылышынын Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXI сессиясы

 

2015-жылдын 25-сентябры № 21/9

Кожоналиева Сайнага Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө

Кожоналиева Сайнага Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө Кочкор айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунушутарын жана тиешелүү документтерин карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор аймагына караштуу Кочкор райондук аймактык ооруканасынын улуу эмчи айымы Кожоналиева Сайнага Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамы берилсин.

2. Тиешелүү күбөлүк берүү Кочкор айылдык Кеңешинин төрагасы А.Т.Аситовго жана турак-жайына такта жасатып илдирүү үй бүлөсүнө милдеттендирилсин.

 

Төрагасы

А. Аситов