Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын V чакырылышынын Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXII сессиясы
2015-жылдын 24-ноябры № 22/2
Кочкор айыл аймагына караштуу Тендик айылына Т.Усубалиевдин ысмын берүү жөнүндө
Көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмер, Кыргыз Эл Баатыры , жердешибиз маркум Турдакун Усубалиевдин атын түбөлүккө калтыруу максатында, Кочкор айыл аймагына караштуу Тендик айылына Турдакун Усубалиевдин ысымын берүү жөнүндө.«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айыл аймагынын Тендик айылына Турдакун Усубалиевдин ысмын берүү жөнүндөгү Тендик айылындагы 2015-жылдын 9 -ноябрында өткөрүлгөн элдик жыйымдын № 19- протоколу бекитилсин.
2. Кочкор айыл аймагынын Тендик айылына көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмер, Кыргыз Эл Баатыры, Турдакун Усубалиевдин ысымын берүү Кочкор райондук мамлекеттик администрациясына жана Кочкор райондук жергиликтүү Кенештердин кошмо жыйынына сунушталсын.
Төрагасы | А. Аситов |