Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын V чакырылышынын Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXII сессиясы
2015-жылдын 24-ноябры № 22/3
Кочкор айыл аймагына караштуу Тендик айылындагы С.Орозбаков көчөсүнө Т.Усубалиевдин ысымын берүү жөнүндө
Көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмер, Кыргыз Эл Баатыры, жердешибиз маркум Турдакун Усубалиевдин атын түбөлүккө калтыруу максатында, Кочкор айыл аймагынын И.Өмүров көчөсүнөн жогору Тендик айылына мурунку Сагымбай Орозбаков көчөсүнө Турдакун Усубалиевдин ысымын берүү жөнүндө «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айыл аймагынын И.Өмүров көчөсүнөн жогору Тендик айылына мурунку Сагымбай Орозбаков көчөсүнө Турдакун Усубалиевдин ысымын берүү жөнүндөгү Тендик айылындагы 2015-жылдын 9 -ноябрында өткөрүлгөн элдик жыйымдын No 19 протоколу бекитилсин.
2. Кочкор айыл аймагынын Тендик айылындагы Сагымбай Орозбаков көчөсүнүн аты өзгөртүлүп, Турдакун Усубалиев атындагы көчө деп аталсын. 3. Көчөдөгү турак-жайларга көчөнүн аты, турак-жайдын номери жазылган көрнөктөрдү жасатып илдирүү Кочкор айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрагасы | А. Аситов |