Редакцияот 24.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын V чакырылышынын Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXII сессиясы

 

2015-жылдын 24-ноябры № 22/4

М.Садыковдун ысымын Кочкор айылындагы “Стадионго”берүү жөнүндө

Садыков Мавлутбектин ысымын түбөлүккө калтыруу максатында, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор райондук балдар жана өспүрүмдөр спорттук мектебинин жалпы жамаатынын чогулушунун 2015-жылдын 25-сентябрындагы Садыков Мавлутбектин ысымын Кочкор айылындагы “Стадионго”берүү жөнүндөгү № 10-протоколу бекитилсин.

2. Кочкор айылындагы стадион ”Садыков Мавлутбек” атындагы стадион деп аталсын.

 

Төрагасы

А. Аситов