Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын V чакырылышынын Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXII сессиясы
2015-жылдын 24-ноябры № 22/7
Куржунбаев Кубатбек Көкөевичке Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө
Кочкор райондук электр тармактарынын тезгемери Куржунбаев Кубатбек Көкөевичке Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө Кочкор айылдык Кеңешинин депутаты Шабданалиев Эрнис Мусакеевичтин сунушун жана тиешелүү документтерин карап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор райондук электр тармактарынын тезгемери Куржунбаев Кубатбек Көкөевичке Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамы берилсин.
2. Тиешелүү күбөлүк берүү Кочкор айылдык Кеңешинин төрагасы А.Т.Аситовго жана турак-жайына такта жасатып илдирүү үй бүлөсүнө милдеттендирилсин.
Төрагасы | А. Аситов |