Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын V чакырылышынын Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXII сессиясы
2015-жылдын 25-декабры № 23/3
Иманалиев Зайнидин Сабитовичти Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына көрсөтүүгө сунуш кылуу жөнүндө
Кочкор райондук М.Мусулманкулов атындагы балдар искусство мектебинин Комуз бөлүмүнүн мугалими Иманалиев Зайнидин Сабитович маданият тармагында 1969-жылдан бери үзүрлүү эмгектенип, маданиятты өнүктүрүүгө салым кошкон. 1969-жылдагы “Бүткүл Союздук Фестивалдын” лауреты, Республикада өткөрүлгөн 1978-жылдагы ”Обончулардын Беш ыргай”, 1979-жылдагы “Комузчулар конкурсунун”, 1989-жылдагы”Токтогул-125”, 1994-жылдагы ”Карамолдо-100”, 1996-жылдагы “Ыбрай-100” 2000-жылдагы “Атай”, 2010-жылдагы “Атай-110” конкурстарынын жеңүүчүсү болгон.
2010-жылдан бери балдар искусство мектебинде балдарга комуз чертүү өнөрүн үйрөтүү менен балдарга таалим тарбия берип келет.Окуучуларынын көпчүлүгү республикалык деңгээлдеги сынактарда байгелүү орундарга ээ болуп келет.
Кочкор райондук М.Мусулманкулов атындагы балдар искусство мектебинин жамаатынын жалпы чогулушунун Иманалиев Зайнидин Сабитовичти Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына көрсөтүү жөнүндөгү 2015-жылдын 15-январындагы No7-протоколун карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор райондук М.Мусулманкулов атындагы балдар искусство мектебинин жамаатынын жалпы чогулушунун Иманалиев Зайнидин Сабитовичти Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына көрсөтүүгө сунуш кылуу жөнүндөгү 2015-жылдын 15-январындагы No7-протоколу бекитилсин.
2. Кочкор райондук М.Мусулманкулов атындагы балдар искусство мектебинин комуз бөлүмүнүн мугалими Иманалиев Зайнидин Сабитовичти Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына көрсөтүүгө сунуш кылынсын.
Төрагасы | А. Аситов |