Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-марты № 2
Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше булагы жөнүндө
Ленинполь айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 16-мартындагы сессиясында жайыт жерлердин төлөмдөрүнөн түшө турган 430 миң сом жана таза сууга төлөмдөрүнөн түшө турган 284,2 миң сом, жалпысы 714,2 сомду айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше булагына кошумча киргизип бекитүү сунушун карап чыгып Ленинполь айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше булагы 2016-жылдын 16-февралындагы бекитилген 15061,3 миң сомго жайыт жерлердин төлөмдөрүнөн түшө турган 430 миң сом жана таза сууга төлөмдөрүнөн түшө турган 284,2миң сом, жалпысы 714,2 сомду айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше булагына кошумча киргизилип жалпы көлөмү 15775,5миң сом болуп бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджеттик комитетине тапшырылсын.
Төрага | Н. Ширдаков |