ТоктомКүчүндө

Ленинпол айылдык кеңешинин 2016-жылдын 16-февралындагы № 1 «Штаттык бирдик жөнүндө» токтому

Редакция16.02.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ЛЕНИНПОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 16-февралы № 1

Штаттык бирдик жөнүндө

Ленинполь айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 16-февралындагы  сессиясында Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн 2016-жылга айыл өкмөтүнүн штаттык бирдиктерин бекитүү сунушун карап чыгып Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 113-беренесинин 2-пунктун, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө мыйзамынын 20-беренесин жетекчиликке алып Ленинполь айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн штаттик бирдигиндеги алгачкы аскердик каттоону уюштуруучу адистер 2 орун, киреше боюнча жетектөөчү адиси-1 кызмат орундарынын ишери мамлекеттик ыйгарым укук берилбегендиктен токтотулсун.

2. Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн штаттык бирдиги төмөнкү курамда бекитилсин:

- Айыл өкмөт башчысы – 1,

- Жооптуу катчысы – 1,

- Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы – 1,

- Киреше боюнча башкы адис – 1,

- Жерге жайгаштыруу жана айыл чарба боюнча башкы адис -1,

- Социалдык  маселелер боюнча башкы адис - 1,

- Өзгөчө кырдаалдар, турак-жай жана коммуналдык чарба боюнча башкы адис – 1,

- Юридикалык маселелер боюнча жетектөөчү адис – 1,

- Чыгаша боюнча  жетектөөчү адис – 1,

- Маалыматтык компьютердик технологиялар боюнча жетектөөчү адис – 1,

- Иш  кагаздарын   жүргүзүү  боюнча  адис – 1,

- Киреше боюнча адис - 1,

- Наматбек айылынын айыл башчысы – 1,

- Жаштар ишин жана массалык спортту өнүктүрүү боюнча адис -1,

тех персонал:

- Техничка -1,

- Кароолчу жана короо шыпыруучу – 1.

3. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исабековго милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Атантаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Ширдаков