Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-январы № 3
“КБФнын жери” жөнүндө
Ленинполь айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 15-январындагы кезексиз сессиясында КБФнын жерин аукциондон утуп алган ижарачылардын ижара акысынын негизги төлөмү жана негизги төлөмгө туумдарынан 50% колдоо катары кыскартуу маселесин талкуулап, карап чыгып Ленинполь айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КБФнын жерин аукциондон утуп алган ижарачылар М.Суранчиев, К.Мырзабеков, А.Назарбеков, Г.Дүйшалиева, У.Назаралиев, Р.Кутмановдун жана К.Мырзабековдун 0,50 га жери кемитилип, калган 1,50га жеринин, К.Рыскулбековдун 0,40 га жетпеген жери жеринен такталып негизги төлөм, пениясы менен 50% жеңилдетилишсин жана калган 50% айыл өкмөтүнүн эсебинен төлөнүп берилсин.
2. Төлөнүүчү 50% төлөө мөөнөтү 2016-жылдын январь айында – 30%, калган 20% 2016-жылдын күз мезгилинде төлөнсүн.
3. Ижарачылардын ар биринен калган төлөмдү убагында төлөө жөнүндөгү тил кат алуу Ленинполь айылдык кеңешинин депутаты Б.Казакбаевге, айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлери А.Канаевге, А.Кабылбекова жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Төрага | Н. Ширдаков |