Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-январы № 3
Ленинполь айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 15-январындагы кезексиз сессиясында Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгашадан ашкан кирешесин которуу жана балдар бакчалардын такмак ашына акча которуу жана айыл өкмөттүн имаратына кошумча (проводной) интернет киргизүү сунушун талкуулап, карап чыгып Ленинполь айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн ашкан кирешеден 223,0 миң сом трансформатор алууга которулсун.
2. Бакай-Ата айыл аймагындагы балдар бакчалардын тамак ашына 370,0 миң сом 2016-жылдын бюджетинин эсебинен котрулсун.
3. Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн имаратына кошумча (проводной) интернет киргизилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана турак-жай комитетине тапшырылсын.
Төрага | Н. Ширдаков |