Редакцияот 17.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАНГЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чангет айылдык кеңешинин III чакырылышынын кезектүү 5-сессиясы

 

2016-жылдын 17-августу № 23

Маданий клубка штат бирдигин ачуу жөнүндө

Чангет айылдык Кеңешинин III-чакырылышынын кезектүү 5-сессиясынын күн тартибиндеги 7-маселенин угуп жана талкуулап Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пункктуна ылайык Чангет айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чангет айыл өкмөтүнүн маданий клубунун тазалыгын, ремонт иштерин кароо үчүн штат бирдигин ачып убактылуу жергиликтүү бюджеттен эмгек акы төлөнүп берилсин 

2. Убактылуу эмгек акы төлөп берүү жана штат бирдигин ачтыруу жагы айыл өкмөт башчыга милдеттендирилсин

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Финансы экономика,бюджет жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

Чангет айылдык

кеӊешинин төрагасы:

 

С. Абдираимов