Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык кеңешинин V чакырылышынын XV сессиясы
2015-жылдын 25-декабры № 90
Ак-Жар айылында мурунку айыл чарба гаражынын аянтына тех.сервисти уюштуруу жөнүндө
Ак-Жар айылдык Кеңеши Ак-Жар айылынын жашоочуларынын 2015-жылдын 17-декабрындагы жалпы чогулушунун протоколун талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айылына айылдын элинин суроо талабына ылайык жана айылдын жашоочуларынын жалпы чогулушунун протоколунун негизинде мурунку айыл чарба гаражынын аянтына тех.сервис уюштурулсун.
2. Милдеттендирилсин айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Кыдыргычовго тех.сервис иш жүргүзө турган аянтты тактап берүү жагы.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин «айыл чарбачылыгы боюнча » туруктуу комиссиясына (Ө.Алишеров) тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык кеӊешинин төрайымы |
Н.Кыдыргычева |