Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык кеңешинин V чакырылышынын XV сессиясы
2015-жылдын 25-декабры № 92
Өзгөн райондук ветеринардык башкармалыгынын №39 17.11.2015-жыл ветеринардык көрсөтмө каты боюнча
Ак-Жар айылдык Кеңеши кутурма ылан боюнча эпизоотиялык абалдын алдын алуу, жугузуучу фактор катары дейди байланбай жүргөн иттер болуп жаткандыгын жана жогорудагы ветеринардык көрсөтмөнүн талабын эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жар, Какыр, Большевик, Семиз-Көл айылдарынын ар бир кожолугунун үй-бүлөө башчысы иттин байлап багууга мыйзам түрүндө милдеттүү экендиги жеткирилсин.
2. Айыл айылдарда кутурма ыланынын алдын алуу,эпизоотиялык абалды туруктуу сактоо максатында айыл башчылар жан ветеринардык кызматкерлер жогорудагы талап боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин «мыйзамдуулук адам укугун коргоо боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык кеӊешинин төрайымы |
Н.Кыдыргычева |