Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2015-жылдын 25-декабры № 93
Айылдын ардактуу айымы наамын берүү жөнүндө
Ак-Жар айылдык Кеңеши айылдарда аялдардын ролун күчөтүү,активдүүлүгүн жандандыруу максатындагы депутат А.Абдукаримованын билдирүүсүн жана демилгесин угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айылдык кенешинин депутаты А.Абдукаримованын айылдардын алдынкы аялдарына «Айылдын ардактуу айымы» наамын берүү жөнүндөгү демилгеси жактырылсын.
2. Айылдардагы аялдар кенештеринин сунуштары менен өткөрүлгөн жалпы чогулуштун протоколунун негизинде алдынкы аялдарга «Айылдын ардактуу айымы» наамын берүү сыйлыгы бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин «мыйзамдуулук адам укугун коргоо боюнча» туруктуу комиссиясына (А.Бакиров)тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык кеӊешинин төрайымы |
Н.Кыдыргычева |