Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 3-июну № 290
"Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар, айып пулдар боюнча карыздарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар, айып пулдар боюнча карыздарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
К.А. Боронов |
Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар, айып пулдар боюнча карыздарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө
Ушул Мыйзамдын максаты мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнө карата эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар, айып пулдар боюнча карыздарды кайра түзүмдөштүрүү аркылуу COVID-19 коронавирустук инфекциянын пандемиясынын шарттарында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча салык төлөөчүлөрдүн жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн финансы-экономикалык абалын турукташтыруу жана колдоо болуп саналат.
1-берене. Жалпы жоболор
1. Салыктык карыз, анын ичинде бажы органдары тарабынан алынуучу импортко кошумча нарк салыгы (мындан ары - КНС), импортко акциздик салыктар жана салык төлөөчүлөрдүн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн карыздары ушул Мыйзамда каралган тартипте жана шарттарда кайра түзүмдөштүрүлүүгө тийиш.
2. Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
камсыздандыруу төгүмү - камсыздандырылуучу мамлекеттик социалдык камсыздандыруу үчүн камсыздандыруучуга берүүгө милдеттүү болгон төлөм;
камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча салыктык карызды жана карызды кайра түзүмдөштүрүү - камсыздандыруу төгүмдөрүнө карата эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар, айып пулдар боюнча карыздарды толук же жарым жартылай эсептен чыгаруу;
пайыздар - белгиленген мөөнөттө төлөбөгөн салыктар үчүн Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык эсептелген суммалар;
туум - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык салык төлөөчү төлөөгө милдеттүү болгон салыктарды, анын ичинде импортко КНСти, импортко акциздик салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөбөгөндүгү үчүн эсептелген акчалай сумма;
салыктык санкциялар - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык салык төлөөчүгө салына турган санкция;
айып пул - "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөргө салына турган айып пул;
төлөөчү- салык төлөөчү жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү.
2-берене. Салыктык карыздарды кайра түзүмдөштүрүү тартиби
1. Салык төлөөчүлөр 2020-жылдын 1-мартына карата топтолгон салыктарды өз убагында төлөбөгөндүгү жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн эсептелген жана төлөнүүгө тийиш болгон туумдарды жана салыктык санкцияларды төлөө милдеттенмесинен төмөнкүдөй көлөмдө жана учурларда эсептен чыгаруу аркылуу бошотулат:
1) 100 пайызга - 2021-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө салыктардын негизги суммалары боюнча негизги карыздар толугу менен төлөнгөн учурда;
2) 50 пайызга - 2021-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө салыктардын негизги суммалары боюнча негизги карыздар толугу менен төлөнгөн учурда.
2. 2020-жылдын 1-мартына же ушул Мыйзам расмий жарыяланган айдын бирине карата салыктардын (анын ичинде импортко КНСтин жана акциздик салыктардын) негизги суммалары боюнча карыздары жок салык төлөөчүлөргө пайыздардын, салыктык санкциялардын жана туумдардын суммалары 100 пайыз өлчөмдө эсептен чыгарылат.
3. Төлөөчү, кайра түзүмдөштүрүү жүргүзүлгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарына ылайык карыздын калган бөлүгүн төлөө мөөнөтүн узартууга укуктуу.
4. Кайра түзүмдөштүрүлүүчү карыздарды жоюунун датасы болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) салыктардын негизги суммалары боюнча - салыктын төлөөгө тийиштүү суммасын которууга төлөм тапшырмасы банкка берилген күн жана/же салыктын тийиштүү суммасын которуу үчүн акча каражаты бюджетке келип түшкөн учурда накталай акча каражаты банкка төлөнгөн күн;
2) импортко КНСтин, импортко акциздик салыктын негизги суммалары боюнча - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин борбордук казыналыгынын тиешелүү алыш-бериш эсебине акча каражаты түшкөн күн.
5. Салыктарга, анын ичинде импортко КНСке жана импортко акциздик салыктарга карата төлөөчүнүн карыздары боюнча ашыкча төлөнгөн сумма төмөнкү тартипте пайдаланылат: Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана салыктык ставкаларды, аларды башкарууну жөнгө салуучу башка мыйзам актыларынын талаптарына ылайык өзүнчө салык боюнча карыздар, андан кийин аталган салыкка карата эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар, айып пулдар боюнча карыздар жоюлат.
6. Кайра түзүмдөштүрүлүүчү салыктык карыздарды жоюу максатында ашыкча төлөнгөн салыктын суммасына КНС боюнча ашып кеткен сумма кошулбайт.
7. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейинки салыктарга карата эсептелген пайыздар, туумдар жана салыктык санкциялар боюнча карыздарды өндүрүү жөнүндө соттук акты күчүнө кирген учурда аталган суммалар эсептен чыгарылбайт.
Ыйгарым укуктуу салык органынын, анын аймактык же/жана функциялык бөлүнүшүнүн пайдасына чыгарылган соттук акты жокко чыгарылган учурда жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо тартибинде (ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин) эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген тартипте жана мөөнөттө жаңы ачылган жагдайлар боюнча соттук актыны кайра кароо жөнүндө соттун чечими күчүнө кирген учурдан тартып эсептен чыгарылат.
3-берене. Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды кайра түзүмдөштүрүү тартиби
1. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында төлөбөгөндүгү жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн эсептелген жана төлөөгө тийиш болгон 2020-жылдын 1-мартына карата топтолгон туумдарды жана айып пулдарды төлөө милдеттенмесинен төмөнкүдөй көлөмдө жана учурларда эсептен чыгаруу аркылуу бошотулат:
1) 100 пайызга - 2021-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карыздар толугу менен төлөнгөн учурда;
1) 50 пайызга - 2021-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карыздар толугу менен төлөнгөн учурда.
2. 2020-жылдын 1-мартына карата камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карызы жок камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн туумдары жана айып пулдары 100 пайыз өлчөмдө эсептен чыгарылат.
3. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин камсыздандыруу төгүмдөрүнө карата эсептеген туумдар жана айып пулдар боюнча карыздарды өндүрүү тууралуу соттук акт күчүнө кирген учурда бул суммалар эсептен чыгарылбайт.
Ыйгарым укуктуу салык органынын, анын аймактык жана/же функциялык бөлүнүшүнүн же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун пайдасына чыгарылган соттук акты жокко чыгарылган учурда жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо тартибинде (ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин) камсыздандыруу төгүмдөрүнө карата эсептелген туумдар жана айып пулдар "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жана мөөнөттө жаңы ачылган жагдайлар боюнча соттук актыны кайра кароо жөнүндө соттун чечими күчүнө кирген учурдан тартып эсептен чыгарылууга тийиш.
4-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2021-жылдын 1-июлуна чейин колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ