Загрузка документа…
YЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Коргон айылдык кеңешинин Эл депутаттарынын кезексиз чакырылган сессиясы
2016-жылдын 11-марты № 86
Үч-Коргон айыл аймагы боюнча СПАлардын башкы арыктарын тартууга акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Үч-Коргон айылдык кеңешине айылдык аймак боюнча “Саза-Байсуу” федерациясынын башчысы, СПА башчыларынын кайрылуусунун негизинде башкы арыктарды тартууга каржы маселесин чечип берүү тууралуу кайрылуусун угуп, талкуулап айылдык кеңештин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айылдык аймагы боюнча СПАларга тиешелүү болгон чарбалык башкы арыктарды тартып берүүгө ар бир км үчүн 1сом 50 тыйындан акча каражаты керектүү өлчөмдө төлөп берүү жагы каралсын.
2. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Ж.Шайназаровгоубагында каржылоо жана акча каражатын тийиштүү мекемеге которуп берүү жагы милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы М.Акматовго тапшырылсын.
Төрага | З. Курманалиев |