Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңешинин кезексиз I сессиясы
2015-жылдын 21-январы № 1-3
Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү жаңы салынып бүткөн балдар спорт мектебине ат берүү жөнүндө
Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү жаңы салынып бүткөн балдар спорт мектебине, Бийсеев Надырбек Касымбековичтин жасаган эмгектерин эске алып, көпчүлүктүн колдоосун канаатандыруу максатында депутататтардын сунуштарын угуп жана эске алып, Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү жаңы салынып бүткөн балдар спорт мектебине Бийсеев Надырбек Касымбековичтин аты берилсин.
2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Jumgal. Kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагын өзүмө калтырамын.
Таш-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы |
Сейдикалыкова Ж. |