Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңешинин кезексиз I сессиясы
2015-жылдын 21-январы № 1-2
Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө
Таш-Дөбө айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 26-беренесине ылайык Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттиктилде гана кабыл алынсын
2.Бул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Jumgal. kg
веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Н.К. Бийсеевке жүктөлсүн.
Таш-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы |
Сейдикалыкова Ж. |