Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-февралы № 5-3
2017-жылга карата айыл өкмөтүнүн жарандарынын тамарка салыгына жеңилдиктерди берүү жана коэфиценттерди белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 324-беренесинин 1,2,3- бөлүмчөлөрүнө ылайык депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-жар айыл өкмөтүнүн аймагында 2017-жылга карата жер (айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы) жана мүлк (1,2,3-топтогу)салыгына салыктарды алуу төмөнкү коэфиценттер менен киргизилсин.
-Айыл чарба эмес багытындагы жер салыгына 1,2 жана мүлк салыгына 1,0 коэфицент:
-Таштанды төлөмү ар бир түтүнгө 75 (жетимиш беш) сомдон болуп белгиленсин.
-Айыл өкмоттүн аймагындагы иштеп жаткан ишканаларда иштеген ар бир адам үчүн бир жылда бир жолу төлөнүүчү таштанды төлөмү киргизилсин жана анын өлчөмү ар бир адам үчүн 100(бир жүз) сом болуп белгиленсин.
2. Тамарка салыгына 1272 кожолукка жеңилдик берилсин (пенсионерлер көп балалуу, ВОВ катышуучулары, ДРА, Баткен, ЧАЭС майыптар).
3. Жогорудагы салыктардын план боюнча мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу, айыл өкмөтүнүн ФЭБ нүн башчысы А Мукумбаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин бюджет, соода, ишкердүүлүк боюнча түзүлгөн туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Туманов |