Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-февралы № 3
Аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлердикөрсөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-январындагы №01-1/10-17 негизинде, «Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча участкалык комиссиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөндөгү талапкерлер сунушталсын:
Хан Зульфия Рахманалиевна - 16.06.1978 жылы туулган, билими жогорку, -Шапак Баатыр көчөсүнүн №82 үйүнүн тургуну;
Садамбаева Асель Жапаровна – 06.05.1978 жылы туулган, -билими орто, Джаныбекова көчөсүнүн №42 үйүнүн тургуну;
Кененбаева Айнура Джолдошевна – 21.04.1975 жылы туулган,-билими орто, И.Урманаев көчөсүнүн №33 үйүнүн тургуну.
2. Бул токтом райондук «Ак-Суу баяны» гезитине жарыялоо үчүн жиберилсин, Мамлекеттик каттоо реестр журналына катталсын.
3. Токтом ММКна басылып чыккан күнү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агентигинин сайтына жайгаштыруу үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Р.К.Садыровага жүктөлсүн.
Төрага | К.С. Джаныбеков |