Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-февралы № 9
Теплоключенка айыл аймагынын Арашан жана Ак-Суу сууларынын жээгиндеги №2, 3, 7, 8, 9, 1261, 1262-контурларында жайгашкан 3 га жайыт жерлерине чакан ГЭС жана деривациялык каналдарды куруу үчүн суу фондусунун жерлерине которууга макулдук берүү жөнүндө
Айылдык кеңешинин туруктуу агрардык комиссиянын отурумунун 2016-жылдын 18-февралындагы протоколунун, жайыт комитетинин отурумунун протоколунун негизинде, “Тянь-Шань-Трэвеэл” жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлүнүн маалыматын угуп, талкууга алып, айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Теплоключенка айыл аймагынын Арашан жана Ак-Суу сууларынын жээгиндеги №2, 3, 7, 8, 9, 1261, 1262-контурларында жайгашкан 3 га жайыт жерлерин чакан ГЭС жана деривациялык каналдарды куруу үчүн “суу фондусунун жерлерине” которууга макулдук берилсин.
2. Куруу иштерин 2017-жылдын акырына чейин бүткөрүүсү милдеттендирилсин.
3. Ичүүчү суу тармактарына тоскоолдук келтирилбесин.
4. Аталган талаптар аткарылбаса, бул токтом юридикалык күчүн жоготту деп эсептелсин.
5. Бул токтом ММК жарыялоо үчүн жиберилсин, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталсын.
6. Бул токтом ММКна басылып чыккан күнү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агентигинин сайтына жайгаштыруу үчүн жиберилсин, юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К.Эралиевге милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага | К.С. Джаныбеков |