Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-февралы № 10
Теплоключенка айылдык аймагына караштуу Арпа-Такыр II “Күйлю”жериндеги 19,4 га аянтында графит кени жайгашкан жер тилкесинин багытын которууга жана пайдалуу кендерин иштетүү иштерин жүргүзүүгө “Аванте-Капитал”жоопкерчилиги чектелген коомуна макулдук берүү жөнүндө
“Аванте-Капитал” жоопкерчиликтери чектелген коомунун 2016-жылдын 18-январындагы №Ж-8 иш кагазын карап, талкууга алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы геология жана минералдык агентиги тарабынан алынган 2015-жылдын 3-августундагы ТЕ№4289 лицензиясынын негизиндеайылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Теплоключенка айылдык аймагына караштуу Арпа-Такыр II “Күйлю” жериндеги 19,4 га аянтында графит пайдалуу кени жайгашкан жер тилкесин жайыт жерлеринен өнөр жайын, транспорттун, байланыштын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлерге которууга макулдук берилсин.
2. Теплоключенка айылдык аймагына караштуу Арпа-Такыр II “Күйлю” жериндеги 19,4 га аянтында графит пайдалуу кени жайгашкан жер тилкеси багыты которулгандан кийин иштетүү иштерин жүргүзүүгө “Аванте-Капитал” жоопкерчиликтери чектелген коомуна макулдук берилсин.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агентигинин сайтына жайгаштырылсын, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталсын жана юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К.Эралиевге милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика жана өндүрүш тармактагы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.С.Маткеримовго жана муниципалдык менчик, жаратылыш ресурстары, экология, агрардык реформа жана турак-жай, коммуналдык чарбадагы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.О.Бекиевге жүктөлсүн.
Төрага | К.С. Джаныбеков |