Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-февралы № 11
Оттук жериндеги Теплоключенка айылдык аймагына караштуу 85,8 га жер тилкесинде пайдалуу алтын кендерин чалгындоо иштерин жүргүзүүгө “Алмаз-Тоокендери” жоопкерчилиги чектелген коомуна макулдук берүү жөнүндө
“Алмаз-Тоокендери” жоопкерчилиги чектелген коомунун 2016-жылдын 21-январындагы №01-6/31 иш кагазын карап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы геология жана минералдык агентиги тарабынан алынган 2015-жылдын 17-ноябрындагы №4470 АП лицензиясынын негизиндеайылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Оттук жериндеги Теплоключенка айылдык аймагына караштуу 85,8 га жер тилкесинде пайдалуу алтын кендерин чалгындоо иштерин жүргүзүүгө “Алмаз-Тоокендери” жоопкерчилиги чектелген коомуна макулдук берилсин.
2. Ушул токтом райондук “Ак-Суу баяны” гезитине жарыялоо үчүн жиберилсин, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталсын.
3. Токтом ММКна басылып чыккан күнү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агентигинин сайтына жайгаштыруу үчүн жиберилсин, юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К.Эралиевге милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы бюджет жана агрардык туруктуу комиссияларга (Маткеримов Ж.С., Бекиев К.О.) жүктөлсүн.
Төрага | К.С. Джаныбеков |