Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-февралы № 13
Айылдык кеңешинин 2014-жылдын 3-ноябрындагы №45 “Теплоключенка айыл аймагынын муниципалдык менчиктеги турган жер тилкелерине менчик же ижара укугун берүүнүн тартибинин негизинде комиссия түзүү жана курамын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомго өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн кадр маселесине байланыштуу айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеңешинин 2014-жылдын 3-ноябрындагы №45 “Теплоключенка айыл аймагынын муниципалдык менчиктеги турган жер тилкелерине менчик же ижара укугун берүүнүн тартибинин негизинде комиссия түзүү жана курамын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомдун 1-пунктундагы комиссиянын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- “а/ө жер маселелери боюнча башкы адис” деген сөз “муниципалдык менчикти башкаруу боюнча адис” деген сөзгө алмаштырылсын.
2. Ушул токтом райондук “Ак-Суу баяны” гезитине жарыялоо үчүн жиберилсин, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталсын.
3. Токтом ММКна басылып чыккан күнү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агентигинин сайтына жайгаштыруу үчүн жиберилсин, юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К.Эралиевге милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага | К.С. Джаныбеков |