Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-февралы № 16
Стадиондо жайгашкан имаратты убактылуу ижарага берүүгө макулдук жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К.Эралиевдин сунушун карап, талкууга алып, айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнө караштуу стадиондо жайгашкан имаратты аз камсыз үй-бүлөлөргө ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтом райондук “Ак-Суу баяны” гезитине жарыялоо үчүн жиберилсин, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталсын.
3. Токтом ММКна басылып чыккан күнү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агентигинин сайтына жайгаштыруу үчүн жиберилсин, юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К.Эралиевге милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы бюджет жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларга (Маткеримов Ж.С., Абыкеева Г.К.) жүктөлсүн.
Төрага | К.С. Джаныбеков |