Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-февралы № 21
2016-жылдын 1- январына карата Теплоключенка айыл өкмөтүнүн бюджетинде калган акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
«2015-жылы Теплоключенка айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө» айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Эралиевдин докладын угуп жана талкууга алып, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып, бюджет, финансы, экономика жана өндүрүш тармактагы маселери боюнча туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын 1-январына карата Теплоключенка айыл өкмөтүнүн бюджетинде калган 1008,5 миң сом акча каражатын чыгымдар боюнча сметага ылайык төмөнкүдөй бөлүмдөргө чыгымдоо менен бекитилсин:
-70911 бөлүмүндө 3111 статьясынын 31112390 элементине “Келечек “ бала- бакчасынын капиталдык ремонт иштеринин бүтүрүү иштерине 103,5 миң сом,
3112 статьясынын 31123210 элементине эмеректерди алууга 329,9 мин сом жана 31123290 элементине башка эмерек жана жабдууларды алууга 69,2 мин сом.
-70111 бөлүмүндө 2111 статьясынын 21111300 элементине жылдын жыйынтыгы менен аппараттын кызматкерлеринин эмгек акысына 256,6 миң сом, социалдык фондко төгүмдөр 44,3 миң сом, 2215 статьясынын 4900 элементине чарба эсебин жүргүзүүдөгү кызматына келишимдин негизинде 80,0 миң сом, 2231 статьясынын 22311200 элементине электр энергиясынын чыгымына 75,0 мин сом.
-70629 бөлүмүндө 3111 статьясынын 31112290 элементине жай казуудагы шаймандарды койгонго чакан имарат салууга 50,0 миң сом.
2. 2016-жылдын 1-январына карата айыл өкмөтүнүн бюджетинде калган акча каражатынын чыгымдалышын толук аткарууга багытталган иш-чараларды регулярдуу түрдө ишке ашыруу Д. Абдыкеримовага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет финансы,экономика жана өндүрүш тармактагы маселери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Маткеримовго жүктөлсүн.
Төрага | К.С. Джаныбеков |