Редакцияот 17.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Теплоключенка айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2016-жылдын 17-августу № 46

БУУӨП/ГЭФтин долбоорун ишке ашыруусун колдоо үчүн Теплоключенка айыл аймагынын координациялык комитетин түзүү жөнүндө

БУУӨП/ГЭФтин долбоорун ишке ашыруусун колдоо максатында айылдык аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Координациялык комитет жөнүндө Жобо бекитилсин.

2. Теплоключенка айыл аймагынын координациялык комитети төмөндөгү курамында түзүлсүн:

- Джаныбеков К.С. – а/к төрагасы, координациялык комитетинин жетекчиси;

- Садырова Р.К. – а/ө башчысынын орун басары, комитетинин жетекчисинин орун басары;

- Абдыкеримов С.Т. – ардагерлер кеңешинин төрагасы;

- Мамытова Б.Б. – аялдар кеңешинин төрайымы;

- Асанбаев Н. – жаштар кеңешинин төрагасы

3. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К.Эралиевге жүктөлсун.

 

Төрага

К.С. Джаныбеков