Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-августу № 48
Айылдык кеңешинин 2013-жылдын 28-мартындагы №34 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Муниципалдык менчик, жаратылыш ресурстар, экология, агрардык реформа жана турак-жай коммуналдык чарбадагы маселелер боюнча туруктуу комиссиянын 2016-жылдын 9-агустундагы отурумунун №22 протоколунун негизинде айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеңешинин 2013-жылдын 28-мартындагы №34 токтомундагы “согласно ст.25 п.2 и ст.32 п.1.4” деген сөз “согласно ст.13 Земельного Кодекса Кыргызской Республики” деген сөзгө жана 1-пунктундагы “выделить” деген сөз “дать согласие на выделение” деген сөзгө алмаштырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К.Эралиевге милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчик, жаратылыш ресурстар, экология, агрардык реформа жана турак-жай коммуналдык чарбадагы маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | К.С. Джаныбеков |