Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-августу № 50
Жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативдик ашыкча запастарын 2016-жылдын бюджетине калтыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-ноябрындагы №694 токтомунун негизинде айыл өкмөтүнүн балансасында турган мекемелерден азайтылган 255.8 сом акча каражатын 2016-жылга көмүр алууга акча каражаты жетпегендигине байланыштуу айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Келечек” бала-бакчасынын 224 статьяынын 22241100 “Таш көмүрдү сатып алуу” элементине 55.8 миң сом, Киров атындагы гимназия-мектебине 22241100 “Таш көмүрдү сатып алуу” элементине 100.0 миң сом жана Мамакеев атындагы гимназия-мектебине 22241100 “Таш көмүрдү сатып алуу” элементине 100.0 миң сом калтырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы каржы бөлүмүнүн башчысы Д.С.Абдыкеримовага милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Эралиевге жүктөлсун.
Төрага | К.С. Джаныбеков |