Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-октябры № 52
Айыл аймакта жайгашкан жалпы билим берүү мекемелеринде Көзөмөлчүлүк кеңешти тандоо жана түзүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-майы №81 Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө Мыйзамынын 6-беренинин 3-пунктуна ылайык айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Социалдык чөйрөдөгү мекеме үчүн Көзөмөлчүлүк кеңешти тандоо жана түзүү боюнча төмөндөгү курамында комиссия түзүлсүн:
– айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, комисиянын жетекчиси;
– а/к депутаты, соц.маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы;
– айыл өкмөтүнүн башкы адиси-юрист;
– айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адис;
– аксакалдар сотунун төрагасы
2. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | К.С. Джаныбеков |