Редакцияот 01.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сары-Ой айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 18-сессиясы

 

2016-жылдын 1-августу № 4

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө» 2014-жылдын 17-мартындагы №145 токтомуна ылайык Сары-Ой айыл айыл аймагынын айыл өкмөтү менен Нарын райондук статистика бөлүмү  тарабынан түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө» 2014-жылдын 17-мартындагы №145 токтому менен бекитилген типтүү келишимдин  негизинде айыл өкмөтү менен Нарын райондук статистика бөлүмүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди карап чыгып Сары-ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө» 2014-жылдын 17-мартындагы №145 токтому менен бекитилген типтүү келишимдин  негизинде айыл өкмөтү менен Нарын райондук статистика бөлүмүнүн ортосунда түзүлгөн келишим бекитилсин.

2.Бул токтомду жетекчиликке алуу жагы Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Жакыповга тапшырылсын.

 

Төрага

М. Нааматбеков