Загрузка документа…
САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-августу № 1
КРӨнүн мамлекеттик каттоо комитетинин алдындагы ЖААК жана калкты каттоо департаменти менен Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө
КРӨнүн мамлекеттик каттоо комитетинин алдындагы ЖААК жана калкты каттоо департаменти менен Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндөгү маселени КР Конституциясын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдарынын негизинде Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин YI чакырылыштагы кезексиз ХХIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Райондук жарандык актыларын каттоо бөлүмүнө жарандардын туулгандыгы жөнүндө актыны, никелешүү жөнүндө актыны ,өлгөндүгү жөнүндө актыны, аталыкыты аныктоо жөнүндөгү актыны каттоо жана чогултуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө КРӨнүн мамлекеттик каттоо комитетинин алдындагы ЖААК жана калкты каттоо департаменти менен Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишим бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин маданият, саламаттыкты сактоо,билим берүү, коомдук тартипти, Мыйзамдуулукту сактоо,социалдык жактан коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Нааматбеков |