Загрузка документа…
САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-октябры № 1
№4057 жылан-Арык участкалык шайлоо комиссиясынын резервине А.Мамырбаевди көрсөтүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын жетекчиликке алып Сары-Ой айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы шайлоочулардын участкалык шайлоо комиссиясынын резервине А.Мамырбаевди көрсөтүү боюнча К.Жусупов атындагы Жылан-Арык орто мектебинде өткөн чогулуштун протоколу бекитилсин.
2. Участкалык шайлоо комиссиясынын резервине көрсөтүлгөн А.Мамырбаевдин документтерин талаптарга ылайык топтоп Нарын райондук аймактык шайлоо комиссиясына тапшыруу участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы Асанкожо уулу Доктурбекке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сары-Ой айыл аймагынын айылдык кеңешинин маданият, саламаттыкты сактоо,билим берүү,коомдук тартипти ,мыйзамдуулукту сактоо,социалдык жактан коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Нааматбеков |