Редакцияот 20.01.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 2- сессиясы

 

2017-жылдын 20-январы № 2/4

Кочкор айыл өкмөтүнүн штаттык бирдиги жөнүндө

Кочкор айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигине айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү 2016-жылдын 21-декабрындагы №42-буйругун жана айыл өкмөтүнүн аппаратынын, “Сейил” паркынын, китепкана, клубдардын штаттык бирдиктерин карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесининин негизинде Кочкор айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигине айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү 2016-жылдын 21-декабрындагы №42-буйругу бекитилсин.

2. Кочкор айыл өкмөтүнүн аппаратынын, “Сейил” паркынын, Тендик жана Большевик айылдарындагы китепкана, клубдардын 2017-жылдын 01-январына карата штаттык бирдиктери бекитилсин.

 

Төрага

Т. Балкыбеков