Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-январы № 4/7
Кочкор айылдык кеңешинин укук жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясын түзүү жөнүндө
Кочкор айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарын карап талкуулап, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айылдык кеңешинин укук жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясы 3 депутаттан турган төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн:
1.Базаров Акжол Сүйүнбекович- № 4134 Кара-Коо шайлоо округунан депутат,комиссиянын төрагасы
2. Райымкулов Эсеналы Сагынович- №4135-4136 И.Арабаев –ЖТИ шайлоо округунан депутат, комиссиянын мүчөсү
3. Нурманбетов Самет Жангабылович- №4139 Үкөк шайлоо округунан депутат, комиссиянын мүчөсү
2. Регламентке жана өздөрүнүн иш планына ылайык иш алып баруу туруктуу комиссия мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Балкыбеков |