КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 4- сессиясы
2017-жылдын 30-январы № 4/8
Кочкор айылдык кеңешинин жаштар иштери жана өнөр жай,инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясын түзүү жөнүндө
Кочкор айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарын карап талкуулап,Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айылдык кеңешинин жаштар иштери жана өнөр жай, инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясы 3 депутаттан турган төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн:
1. Исмаилов Айбек Шайлообекович- №4137 Калыгул Бай уулу шайлоо округунан депутат, комиссиянын торагасы
2.Касмалиев Акыл Зарылбекович- №4134 Кара-Коо шайлоо округунан депутат, комиссиянын мүчөсү
3. Орозакунова Света Тургуновна- №4135-4136 И.Арабаев –ЖТИ шайлоо округунан депутат, комиссиянын мүчөсү
2. Регламентке жана өздөрүнүн иш планына ылайык иш алып баруу туруктуу комиссия мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Балкыбеков |