Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-февралы № 5/2
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылга карата жайыт башкаруу планын бекитүү жөнүндө
Кочкор айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жакынкы беш жылдык мезгилге иштелип чыккан жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жааматтык планы ушул жайыт комитетине караштуу жайыт участкаларын жакшыртуунун перспективалуу иш пландарын иш жүзөгө ашыруу максатын көздөйт.
Жайыт башкаруу планын карап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ( ЖИБ) 2017-жылга карата жайыт башкаруу планы бекитилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан көчмө кыркын пунктун уюштуруу максатында жазылган чакан долбоору жактырылсын.
3. Жайыт комитетинин 2017-жылга инвестициялык планы бекитилсин.
4. Жайыт комитетине АРИС программасынын алкагында чакан долбоор менен иштөө жагы сунушталсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесине милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Балкыбеков |