Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-февралы № 5/3
Депутат М.М.Исраиловдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Кочкор айылдык кеңешине Теңдик шайлоо округунан депутат Исраилов Мирлан Мажитович айыл өкмөт башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууну сурап арыз менен кайрылган.
М.М.Исраиловдун арызын карап, Регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айылдык кеңешине Теңдик шайлоо округунан депутат Исраилов Мирлан Мажитовичтин арызы канаатандырылып депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. М.М. Исраиловдун айыл өкмөт башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу депутаттык ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана Теңдик шайлоо округунан кийинки талапкерди айылдык кеңешке депутат кылып каттоо Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Төрага | Т. Балкыбеков |