Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-февралы № 5/4
20-февраль 2017-жыл № 5/4 Кочкор айылы Табашова Максудага Кочкор айылынын Ардактуу атуулу наамын берүү жөнүндө
Табашова Максуданын райондун маданият тармагына кошкон салымы үчүн Кочкор райондук маданият бөлүмү “Кочкор айылынын ардактуу атуулу” наамына көрсөткөн.
Кочкор райондук маданият бөлүмүнүн 2017-жылдын 09-февралындагы № н/ж- сунушун карап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор музыкалык драма театрынын артисткасы Табашова Максудага райондун маданият тармагына кошкон салымы жана жергиликтүү коомдоштуктун ишине активдүү катышкандыгы үчүн “Кочкор айылынын ардактуу атуулу” наамы берилсин.
2. “Кочкор айылынын ардактуу атуулу” ардактуу наамы берилген жаранга тиешелүү күбөлүк жана төш белгисин берилсин.
Төрага | Т. Балкыбеков |