Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-июну № 28/2
Абакиров Анарбек Амановичке «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө
Кочкор райондук үй бүлөлүк медицина борборунун отоларинголог дарыгери Абакиров Анарбек Амановичке Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү боюнча тиешелүү документтерин карап,талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор райондук үй бүлөлүк медицина борборундагы отоларинголог дарыгери Абакиров Анарбек Амановичке Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамы берилсин.
2. Тиешелүү күбөлүк берүү Кочкор айылдык Кеңешинин төрагасы А.Т.Аситовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Аситов |