КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз 28- сессиясы
2016-жылдын 30-июну № 28/5
Абыкенова Жылдызхан Наматкуловнага айылдын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө
Кочкор райондук У.Жапаров атындагы Ооруларды алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун бактериолог дарыгери Абыкенова Жылдызхан Наматкуловнага Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү боюнча тиешелүү документтерин карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор райондук У.Жапаров атындагы Ооруларды алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун бактериолог дарыгери Абыкенова Жылдызхан Наматкуловнага Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамы берилсин.
2. Тиешелүү күбөлүк берүү Кочкор айылдык Кеңешинин төрагасы А.Т.Аситовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Аситов |