Редакцияот 30.06.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз 28- сессиясы

 

2016-жылдын 30-июну № 28/7

Алапаева Бурулкан Мамбетовнага айылдын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө

Кочкор райондук ооруканасынын акушер гинеколог дарыгери Алапаева Бурулкан Мамбетовнага Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү боюнча тиешелүү документтерин карап,талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор райондук ооруканасынын акушер гинеколог дарыгери Алапаева Бурулкан Мамбетовнага Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамы берилсин.

2. Тиешелүү күбөлүк берүү Кочкор айылдык Кеңешинин төрагасы А.Т.Аситовго милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Аситов