Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-июну № 28/8
Сейил паркынын жер аянтын кыскартуу жөнүндө
Кочкор райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын 2016-жылдын 13- майындагы Кочкор районунун аймагындагы көзөмөлсүз-кароосуз калган, зордук- зомбулукка кабылган жашы жете элек балдарды, аялдарды, ошондой эле туруктуу жашаган жери жок жарандарды колдоо максатында учурдун талабына ылайык Кочкор айылына реаблитациялык борбор ачуу боюнча кайрылган № 497-катын карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.” Кочкор айылындагы “Сейил” паркынын территориясы 5500 чарчы метр жер аянтынан 1000 чарчы метр жер аянтына кыскартылып, парктын территориясы 4500 чарчы метр деп эсептелинсин .
2. ”Сейил” паркынын территориясынан кыскартылган 1000 чарчы метр жер аянты коомдук пайдалануудагы жерлер категориясынан курулуш алдындагы жерлер категориясына которулсун.
3. Кочкор айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги “Сейил” паркынан мурдагы райондук эмгек, миграция жана жаштар бөлүмүнүн имаратынын түндүк тарабынан реаблитациялык борбор курууга 0, 10га (1000 чарчы метр) жер аянты бөлүп берүү жагы Кочкор айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага | А. Аситов |