Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-февралы № 114
01.01.2017 - жылга карата Токтогул шаарынын мэриясынын бюджеттик жана атайын счетунда калган акча каражатынын калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” КР бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы рыноктук инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, макетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун, ФЭБнун башчысы Н.Кулузакованын билдирүү, маалыматтарын угуп жана талкуулап Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаарынын мэриясынын бюджеттик жана атайын счетунда калган акча каражатынын 01.01.2017- жылга карата калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө маалымат билдирүүлөр эске алынсын.
2. Жыл башында жалпы 794 041 сом 06 тыйын, анын ичинен негизги счеттон калдык 283 399 сом 46 тыйын жана атайын счеттон калдык 510 641 сом 60 тыйын калгандыгы белгиленсин жана алар төмөндөгүчө бөлүштүрүлүп чыгымдалсын.
Негизги счеттон калдык: 283 399 сом 46 тыйын, анын ичинен:
Статья 2215 – 120 000 сом (юридикалык кызмат көрсөтүү үчүн)
Статья 2222- 43 399 сом 46 тыйын
Статья 3112 – 120 000 сом
Атайын счеттон калдык: 510 641, 60 тыйын анын ичинен:
Мэриянын аппаратына Өнүктүрүү саясат институтунун гранттык макулдашуусунун негизинде келип түшкөн акча каражатынын калдыгы 196 675 сом төмөндөгү статьялар боюнча бөлүштүрүлсүн:
Статья 2215 - 106 675 сом
Статья 2214 – 50 000 сом
Статья 3112 – 40 000 сом
Мэриянын аппаратына:
Статья 2215 – 1341 сом 40 тыйын
“Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинатына:
Статья 3111 – 184 590 сом 20 тыйын ( Чүй УСМ кредитордук карыз үчүн)
Балдар бакчасына:
Статья 2222- 128 035 сом
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Токтогул шаардык Кеңешинин төрагасы К.Дербишевге, ал эми аткаруу жагы Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жана ФЭБнун башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).
Төрага | К. Дербишев |