Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-февралы № 115
Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынынын атайын эсебинин акча каражаттарынын пайдаланышына контрол жүргүзүү үчүн Байкоочу кеңешке Токтогул шаарынан өкүл шайлоо боюнча
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы № 41 токтому менен бекитилген Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынынын атайын эсебинин акча каражаттарынын пайдалануу тартиби жөнүндө Жобонун 6-пунктуна ылайык, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаарынан атайын эсептин Байкоочу кеңешине өкүл шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын протоколу бекитилсин.
2. Токтогул шаарынын депутаты Исаков Максат Муктарбекович Байкоочу кеңешке өкүл болуп шайлангандыгы белгиленсин.
3. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырылсын.
5. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүү мекемелерге жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
6. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К. Дербишев |