Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-февралы № 116
Токтогул шаарында калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн зоналык коэффициенттин маанисин белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына, Салык Кодексинин 339–беренесинин 4–пунктуна ылайык, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушун кароонун жыйынтыгы боюнча шаардык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп, талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн Кз зоналык коэффициенттин мааниси Токтогул шаарындагы бардык экономикалык-пландоо зоналарга бирдей 1,2 өлчөмүндө бекитилсин.
2. Зоналык коэффициенттин 1,2 өлчөмү 2018-жылдын 1-январынан баштап колдонууга киргизилсин.
3. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
4. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жана ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына (М.Солтоева) тапшырылсын.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүү мекемелерге жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
7. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К. Дербишев |